“COVID-19 пандемиясы учурунда Борбор Азия өлкөрүнүн билим берүү сектору тарабынан көрүлгөн иш аракеттер” деп аталган онлайн конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Конференцияда коронавирус инфекциясына байланыштуу Борбор Азия өлкөрүнүн билим берүү секторундагы абалга анализ жүргүзүү, аралыктан окутууну уюштуруу, аны ишке ашырууда жаралган көйгөйлөр жана чечүү жолдору талкууланды.

Мындын сырткары дистанттык окутууга байланыштуу алдыңкы тажрыйбалар, тенденциялар боюнча пикир алмашышты.

Жакынкы күндөрдө санариптик контент, ачык билим берүү ресурстары, онлайн платформалар жана мугалимердин маалымат-коммуникациялык компетенттүүлүгү боюнча тематикалык онлайн конференция өткөрүү пландалууда.

Иш чара ЮНЕСКОнун Алматы шаарындагы класстердик бюросу тарабынын уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы