Түйшүгү түгөнбөгөн үч жылдан бери сени бүгүн көрүп, бүгүн учураштым.

«Жайчылыкта учурашалы дебедик беле, дагы шаштыңбы!? Шашмалыгың калбаган экен да ээ Заке…
Өлгөндүн артынан өлбөйт дечи эле, сен ушул шартты да өжөрлөнүп бузуп, досуңдун артынан кеттиңби? Өжөрлүгүң калбаган экен да ээ Заке…
Катуу айтсам кечир, назик көңүлүңдү билип билбей оорутсам кечир. Мен сага ыраазымын, сен да бизге — түйшүгүнөн бошонуп басып келе албаган биздей досторуңа ыраазы бол» дедим жашыма муунуп. Сен сөзүмдү көңүл коё угуп, «ии келдиңерби, тирүүмдө келсеңер болбойт беле» деп таарынып эркелеп жаткандай, тек гана чарчап келип уктап жаткандай сезилдиң. Алаканым менен маңдайыңды сыласам муздак экен. Чекеңдин муздагын сырттагы жаандан үшүп калгандай эле сездим. Мемиреген жүзүңдө өлүмдүн сүрү таптакыр жок эле. Ууртуңда армандуубу, аялуубу, касиреттүүбү бир жылмаюунун жугу, изи калып калган экен.

Биз ушинтип учураштык, ушинтип коштоштук кырчыным..!

Сага биз эмес, асман кошо ыйлады. Ыйдын арты ый болот, тарта ыйлагыла дечү эле. Биз тартып ыйлаганга алыбыз жетпей, ошол алсыздыгыбызга мүңкүрөп, көз жашыбызга ээ боло албай салбырап турдук Заке…

Өзүн өзү ургулап ыйлаган Айназик кызыңдын, аталаган Назым менен Мелистин алдында күнөөкөрдөй шылкыйып жашыбызга муунуп турдук кырчыным… Мен Закенин балдарына эмес өзүмө сооротор сөз таппай турам. Зайырбектин өлүмүн жокко чыгараар, сооротор, жооткотоор сөз болсо айткылачы, жаным менен угайын…

Айжаркын Эргешова, акын, журналист