Акыркы мезгилдерде айрым бир жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукта “өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча эч кандай айлык маянасы төлөнгөн жок, эмне үчүн төлөнбөйт, карточкасына акча түшкөн жок деген деген сыяктуу такталбаган ар кандай багыттагы социалдык түйүндөрдөгү маалыматтар, ушагы ушактай, калпы калптай, ирония, сарказм менен да жазып жана айтып жаткандарга ички иштер министрлиги төмөндөгүдөй жооп берет.

Ички иштер министрлигинде “өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөнө турган акча каражаты “өзгөчө абал” аяктаган соң гана Кыргыз республикасынын нормативдик мыйзам актыларынын чегинде атайын комиссия тарабынан аныкталып, такталып анан Каржы министрлигине сунуштала тургандыгын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Жогорку Кеңеште баса белгилегендигин бардыгыбыз уктук жана окудук. Бирок ошого карабастан бул багытта такталбаган маалыматтарды таратууга аракеттер болуп жаткандыгы ачык байкалууда. Ошол себептүү бул маселенин чоо жайына бир түшүндүрмө бере кетели.

ИИМ билдирет жана эскертет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №639 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө ЖОБОнун негизинде ИИМде кызмат бөлүктөрүнүн башчыларынан турган курамы 12 киши болгон атайын жумушчу тобу- комиссия түзүлүп ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Комиссиянын негизги аткара турган милдети. Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөнө турган акча каражатын акыйкат жана мыйзам чегинде ар бир кызматкердин кылган ишине жараша аныктоо жана баалоо болуп саналат. Биринчиден, аталган комиссия 1998-жылдын 24-октябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абал” тууралуу Конституциялык мыйзамынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №639 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө ЖОБОнун шарттарын, ошондой эле башка ушул багыттагы укуктук-нормативдик актылардын талаптары менен шарттарын эске алуу менен чечим кабыл алат.

Экинчиден, ИИМдин өздүк курамынын жана ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлеринин “өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөндөрүнүн толук тизмеси Коменданттар тарабынан бекитилет. Аталган комиссия өз ишин ушул жылдын 10-майында аяктап мыйзам чегинде чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими менен кабыл алынган акыркы жыйынтык бүтүм Каржы министрлигине жиберилет.

Урматтуу достор жана замандаштар. Мындай санитардык-эпидемиологиялык багыттагы “Өзгөчө абал” бизде биринчи жолу болуп жаткандыгын эске алуубуз зарыл. 2010-жылдагы Ош окуяларынын убагындагы өзгөчө абал менен салыштырбаңыздар. Ал таптакыр башкача кырдаал эле.

Азыркы абал мамлекетибизде санитардык-эпидемиологиялык жагдайды катуу көзөмөлгө алуу. Жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоолоруна катуу көзөмөл жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-карантиндик постторду, блокпосттторду уюштуруу, мамлекеттик чегаралар аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүү, обсервациялык борборлорду күчөтүлгөн режимде кайтарууга алуу, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын көзмөлдөө, мыйзам бузулган учурда мыйзам актыларынын негизинде жоопкерчилигин кароо, мамлекеттик деңгээлде калктын санитардык-эпидемиологиялык жактан коопсуздугун сактоону камсыз, жугуштуу илдет менен ооруган жарандардын өздүгүн тактоо жана медицина кызматкерлери менен биргеликте аларды дарыланууга тартуу, жалпы республика боюнча калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо, үй карантин шарттарын аткарууну камсыз кылуу жана ошондой эле коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жер-жерлерде унаа жана жөө тартибинде кайгуулга чыгууда ички иштер органдарынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен биргеликте “бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып” оору илдеттен элибизди сактап калуу боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүбүз – бул биздин кызматтык милдетибиз жана парзыбыз экендигин ар бириңиздер туура түшүнөт деген ойдобуз.

Сөз акырында “Өзгөчө абал” учурунда коомдук тартипти сактоого тартылган ар бир кызматкер такталат, аныкталат жана мыйзам чегинде каржылык колдоолор каралат. Ошол себептүү байкабай туруп баспайлы, билбей туруп шашпайлы, такталбаган маалыматтарды таратпайлы.

ИИМдин басма сөз кызматы