Тажикстан өлкөсүндө 3-май саат 22:00гө карата коронавирус менен ооругандардын саны 128ге өстү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Жекшемби күнгө карата коронавирус аныкталган бейтаптардын саны 128ге көбөйдү. Ооруканаларда вирустун белгилери бар делинген 3 миңдей жаран жатып, анын 217си тиешелүү текшерүүдөн кийин чыгарылды.

Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали кыска убакыттын аралыгында 3 миңдей кишиге ылайыкташкан госпиталь курууну тапшырды деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg