Мышыктар сөзгө түшүнөөрүн, Япон окумуштуулары Ацуко Сайто жана Казутака Шинозука эксперимент жүргүзүп жыйынтык чыгарышкан.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, адамдардын ою мышыктар сөзгө түшүнөт же түшүнбөйт деп экиге бөлүнүп келген.

Окумуштуулар 78 мышык менен баарлашып, аттарын атаганда карайбы, кандай предметтерге көңүл бөлөөрүн изилдешкен.

Жыйынтыгында, 50 пайыз мышыктар өзүнүн атына реакция кылышкан. Мышыктардын угуу жөндөмдүүлүгү жакшы өрчүгөндүктөн алар 100 сөздү эстей алышат.

Ошондой эле алар кожоюнунун интонациясынан байкап турушат, каардуу же сылык сөз айтканын.