РИА Новости маалымат агенттиги россиялык дарыгер, жогорку категориядагы отоларинголог Владимир Зайцев коронавирустун эң алгачкы белгилери тууралуу айтып бергенин жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, вирус жуктуруп алган адам алгач мурунку күнү көп ичип, мас болгондой сезимдерге туш болот.

«Ичимдик ичпей туруп эле өзүңүздү алсыз сезип, сөөктөр какшап, колу-бутуңуз алсыраса, бул вирустун белгиси. Ошондой эле кол калтырап, көздүн тегереги ооруп, бир аз дене табы көтөрүлүшү мүмкүн», — деди Зайцев.

Дарыгерлердин айтымында, бул белгилер алгачкы 2-3 күн ичинде белинет. Андан соң вирус дем алуу органдары аркылуу ылдыйлап, адамдын үнү өзгөрүп, деми кысыла баштайт. Андыктан адис, эгер өзүңүздү жаман сезип, ооруунун алгачкы белгилери пайда боло турган болсо, дароо дарыгерге кайрылууну сунуштайт.