Украинанын Луцк шаарында полиция кызматкери баланы карантинди бузганы үчүн моюнун кайрып салды. Бул тууралуу EJ басылмасы социалдык тармактарга таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаш жигит кармалган жеринен көз жумду. Апасы болсо, жүрөгү кармап, инфарт болду. Учурда аял ооруканада жана абала оор.

Күбөлөрдүн айтымында, жаш жигит өзүнүн балконунун алдында сыра ичип отурган.

Бир учурда патрулдук кызматкерлер келип, аны кармап кетүүнү көздөшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, жигит каршылык көрсөткөн жок, анын майыптыгы бар болчу. Полиция анын мойнун кайрып койду. Жигит энесинин көз алдында каза болду.

Украинанын раймий маалымат булактары бул маалыматты фейк деп жарыялашкан. 

Булак: NazarNews.kg

https://youtu.be/fokYJWzh00I