Премьер-министр Абылгазиев жакында камалышы мүмкүн

13344

Дал ушундай маалыматты саясий чөйрө айта баштады. Ага бир нече себеп бар. Былтыр Токой чарба агенттигинин балансында турган бир нече гектар жерди «Кумтөргө» жөн эле бердирип салган.

Ал эми бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу үчүн атайын түзүлгөн «КТ Мобайл» ишканасына өкмөт 490 млн сом болсо, бүгүнкү күндө эсебинде болгону 10 млн сом гана калган. Калган акчаларды айлык, сый акы кылып ала беришкен.

Бирок мамлекеттик «КТ Мобайл» уюлдук оператору түзүлгөн жок.

Депутаттар эртен 6-майда Жогорку Кенешке өкмөттү чакырып, отставка эле эмес, Абылгазиевдин сот жообуна тартылышын да талап кылышышы мүмкүн.