Коронавирус жуктуруп алуунун көпчүлүгү байланышта болгон жактардан аныкталып жатат.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Ошондуктан биз бардык байланышта болгондорду аныктоого аракет кылып, көзөмөлдөп жатабыз, мындай учурда бизге кээде атайын кызматтар жардам беришүүдө”, — деп жооп берди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 843кө жетти.