Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы жетишилген келишимге ылайык Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан бери турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн россия-казакстан чек арасы аркылуу транзиттик бир жолу өтүүгө уруксат берилди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-майда жергиликтүу убакты боюнча саат 8.00.дөн баштап Оренбург облусунан 9 атайын автобуста, анын ичинен 7си КРнын Өкмөтүнүн эсебинен жана 2 автобус коммерциялык негизде КРнын 519 жараны медициналык кызматкерлердин коштоосунда чыгып кетишти.

Жарандардын калып калган автоууналары үчүн Оренбург облусунун Өкмөтү тарабынан Соль-Илецк шаарынын Аскердик бөлүгүнүн унаа коюучу жайы акысыз берилди.

Бирок Элчиликтин Консулунун жана кыргыз диаспорасынын активисттеринин түшүндүрмөлөрүнө карабастан, ал жерде дагы 70 жаран автоунаалары менен Казакстан чек арасынын ачылышын күтүп калышты.

Бузулукта турган жарандардын ичинен 155 жаран, алардын ичинде кош бойлуу аялдар, жашы жете элек балдар, улгайган адамдар жогоруда белгиленген автобуста Мекенине жөнөтүлдү.

«Мекендештерибизди Россиянын шаарларында жашаган ордунда турууну жана россия-казакстан мамлекеттик чек арасына чыкпай, жеринде санитардык-медициналык эреже, тартипти жана ден соолукту сактоого, өздөрүнө жана жакындарга аяр мамиле кылууга чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.