Өлкөдө вирус жуктурган медицина кызматкерлерине компенсация төлөнөт, азырынча бул маалымат расмий жарыялана элек.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине мамлекеттен компенсация төлөө маселеси чечилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев «Азаттык» радиосуна билдирген. «Бүгүн өкмөттүн буйругу чыкты. Ал жерде оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом деп так көрсөтүлдү. Эртеңден тартып төлөнө баштайт», — дейт Азамат Жумакеев.

Маалым болгондой, 5-майга карата өлкөдө коронавирус 843 адамдан табылып, алардын 217си медицина кызматкери болсо, 11 бейтап каза болгон . Белгилүү болгондой, вирус жуккан дарыгерлерге компенсация тууралуу буйрук азырынча расмий жарыялана элек. Өкмөттүн бул боюнча планы тууралуу 10-апрелде айтылганы маалым.