Кочкор району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, райондун жергиликтүү бийлик жана усулдук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо максатында райондук борбордун аймагындагы жөө жүргөн адамдар үчүн авариялык коопту аймактарды изилдөө боюнча тийиштүү иштерин уюштурушту.

Изилдөө иштеринин жыйынтыгында 43 жерге жол белгилерин жана 16 жерге жол чийиндерин чийүү боюнча тийиштүү тизме кабыл алынган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин көзөмөлү менен жергиликтүү муниципалдык кызматтын кызматкерлери 16 жерге “максималдуу ылдамдыка чектөө коюлуу”, 10 жерге “жөө адамдар өтүүчү жол” жана 17 жерге “токтоого тыйуу салынат”, “негизги жол”, “жол бер” сыяктуу жол белгилерин оротуп, мектеп, бала бакча жана авариялык коопту көчөлөргө жөө жүргөн адамдардын коопсуздугу үчүн жолдо жүрүү бөлүгүн жөө жүргүнчүлөр кесип өтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди белгилөө иштерин жүргүзүп 16 жерге “жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол (зебра)” жол чийинин жол бетине түшүрүү иштерин улантууда.

ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы