Атасы баласынын жагымсыз кылыктарын көргөн сайын: «Ай, ушу сен адам болбойсуң го» деп кейип-кепчий берчү. Атасынын бул сөзү көкөйүнө көк таштай тийген бейм, баласы бүт ынтаасын окууга коюп, жогорку окуу жайын бүтүрүп, акыры бир районго аким болууга жараптыр.

Атасынын айтканы жалганга чыгып, оозуна кум куюлуп калганын көрүүгө куштар болгон аким, бир-эки адамын атасын алып келүүгө жиберет.

Тигилер жай баракат эгин жыйнап жүргөн чалды «Аким чакырып жатат» деп ой-жайына койбой алып кетишет. Акимдин менде эмне жумушу бар экен деп кыжаалат болгон абышка, даңкайган креслодо чалкалап отурган уулун көргөндө гана жүрөгү ордуна түшөт.

Буттарын кайчылаштырып, кыйшайта тиштеген таме-кинин түтүнүн буркурата үйлөгөн уулу атасына ырсая ка-рап:
— Ата, өмүр бою мени «адам болбойсуң» деп урушат элеңиз.

Эми ошол оюңуздан кайттыңыз окшойт. Адам болбойт деген уулуңуз, балкайган аким болду, — дейт. Азыр эле бир аз болсо да баласына ичи жылый баштаган атанын маанайы суу сепкендей өчүп:

— Ээ, уулум, мен сени «аким болбойсуң» деген эмесмин, «адам болбойсуң» дегенмин, — дептир, каңырыгы түтөп, — эгер адам болсоң, карыган атаңды дегдеңдетип мында алып келбей, өзүң барып учурашар элең. Адам болуу бир башка, аким болуу бир башка.

Эгер аким болгонду адам болуу деп түшүнсөң, анда сен өмүрү адам болбойсуң!

Ошентип, уулунун чындап эле адам боло албасына көзү жетип, биротоло түңүлгөн ата, этек-жеңин кагынып чыга жөнөптүр…

Макала жарандык активист Асель Лабаеванын фейсбук социалдык тармактагы баракчасынан алынды.