Баткен шаарынын аймагында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү солгундаган жок

376

Баткен ШИИБнин кызматкерлери учурдагы эпидемиялык абалга карата жарандардын коопсуздугун сактоо максатында Баткен шаар аймагында маршруттук топторго бөлүнүшүп, коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Көчөдө жүргөн жарандарга Баткен ШИИБнүн кызматкерлери санитардык эрежелерди сактоону талап кылышып, беткаптарды таратышууда. Азыркы учурда шаарда унаа жуучу жайлар, унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөр, чачтарачтар, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана дарыканалардын иштөөсүнө гана жергиликтүү мэрия тарабынан уруксат берилип, азыркы күндө иштеп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы