Дээрлик бардык өлкөлөрдө эркектер аялдарга салыштырмалуу коронавирустун курмандыгы болушууда. Буга негизги факторлордун бири тамеки тартуу болушу мүмкүн, деп билдирди РИА Новости маалымат агенттигине, Каталониянын Ачык Университетиндеги Cognitive Neurolab Ден соолук Изилдөө тобунун изилдөөчүсү, испан неврологу Диего Редолар.

«Эркектер менен аялдарга Испанияда жана башка өлкөлөрдө вирус бирдей жол менен жуккан. Бирок, эркектердин арасында оорулар жана өлүмдөр көбүрөөк байкалат — бул өткөн жумада дүйнө жүзүндөгү орточо көрсөткүчтөн 2,5 эсе көп. Анын үстүнө, бул катыш жашка көз каранды эмес», — дейт Редолар. Бордо университетинин неврология бөлүмүнүн илимий кызматкери Хавьер Вазкез менен биргеликте жүргүзгөн анализге ылайык, коронавирусту жуктурган эркектердин өлүмү Испанияда аялдарга караганда жогору (8% жана 4%). «Бул тамеки тартууга байланыштуу болушу мүмкүн», — дейт Редолар. Испаниялык эксперт бүгүнкү күндө эксперттер азырынча билбеген COVID-19 факторлору өтө көп экендигин мойнуна алат. «Эми бейтаптар жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат чогултуу маанилүү» деди ал.

Ошол эле учурда, Редолар тамеки тартуу эркектер арасында өлүмдөрдүн көбөйүшүнө таасир эте турган факторлордун бири гана экендигин жокко чыгарбайт. «Адамдар тамеки чеккендин пайдасы жок экенин түшүнүшү керек, COVID-19 инфекциясына чалдыгуу коркунучтуу», — дейт ал.

Ошондуктан, Редолардын айтымында, тамеки чеккендерге каршы күрөшүү, анын ичинде тамеки заттарына салык көтөрүү, эпидемия учурунда сатууга тыюу салуу жана жаман адаттарга каршы күрөшүү программаларын өркүндөтүү керек.

Маалым болгондой,Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги шейшемби күнү атайын билдирүү жасап, никотиндин коронавирустун организмге кирүүсүнө каршы турган эч кандай илимий далилденген далили жок экенин жана тамеки чегүүнүн терс таасирин гана эске салды.