Алай районундагы калктуу конуштарды нөшөрлөп жааган жаандын кесепеттеринен алдын-алуу максатында кооптуу участокторду, суу өтмөктөрдү тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Алай районунун Корул айыл аймагынын 1-май айылы. Аталган участоктордо сел журуу коркунучу бар болуп, акыркы 8-9 жылдан бери тазалана элек болчу. Тазалоо иштерине 1 погрузчик, 1 экскаватор, 2 оор жук ташуучу унаа тартылган жана оор техниканын иштоосуно мумкун болбогон жерлерди жергиликтуу тургундардын кучу менен тазаланды. Алай районуна 48 чатыр жеткирилип; Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылына 18 чатыр, Чакмак айылына 2 чатыр жалпы 20 чатыр тигилди; Будалык айыл аймагынын Тамга-Терек айылына 2 чатыр , Октябрь айылына 4 чатыр, Кара-Суу айылына 4 чатыр, жалпы 10 чатыр тигилди; Корул айыл аймагынын Тогул-Булак айылына 2 чатыр, Кен-Жылга айылына 3 чатыр жалпы 5 чатыр тигилди; Ленин айыл аймагына Мурдаш айылында 8 чатыр коронгодо турат; Коңур-Дөбө айыл аймагы Арпа-Тектир айылында 5 чатыр коронгодо турат.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы