Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыркы күндөрү Роза Аманова жана Кубанычбек Жумалиев тууралуу социалдык тармактарда айтылып жаткан пикирлер боюнча өзүнүн оюн билдирди.

 «Мен Жумалиев менен тааныштыгым жок. Роза Аманова менен улуу инсан Асан Кайбылдаев кайтыш болгондо чогуу отуруп баарлашып калган жерим бар. Абдан сезимтал, назик, адамгерчиликтүү, күйүмдүү жана аябагандай жөнөкөй жан экен. Мага жакшы таасир калтырган эле.

Кийин Асан байкенин экинчи жыйнагы жарык көргөндө жубайы Тоту эже байкенин китебинен бирөөнү атайын мага алып келип «Байкенин китебин чыгарууну колдогондорго рахмат. Роза абдан жүгүрүп, жардам берди» деп ыраазычылык билдирген эле. Мен да Розага ичим жылып, ыраазы болуп калгам. Бир нече күндөн берки талаштан кийин мен Розанын ырларын, дастандарын атайын издеп таап, кечээ кечке баарын угуп чыктым. Кандай гана кайталангыс чыгармалар! Кандай гана мээнет! Мындай уккулуктуу, мааниси терең, өлбөс өчпөс чыгармаларды таланттуу, мээнеткеч, өмүрүн чыгармага арнаган Адам гана жарата алат!! Чыгармачыл адамдардын жүпөгү назик болот, тез жараланат.

Биз ушундай экенбиз, кимдерди гана ушактабадык?!

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, кайталангыс жылдызыбыз Таттыбүбү сыяктуу таланттарды эмне деген гана ушак ээрчибеди?

Качан гана аларды жоготуп алганыбызда «жакшы адам эле, таланттуу эле, тирүүсүндө барктабадык» деп калп эле кейимиш болуп жер муштап отуруп калабыз. Азыр Роза Аманованын башынан ылдый жугунду куюп жаткандар, ушул чүкөдөй болгон кыздын эмгектерине көңүл буруп, мээнетин аз болсо да баалап, анын жүрөгүн аяп койсоңор жакшы болмок.

Мына бир аптанын ичинде эки залкар жигиттерибизден айрылдык. Көздөрүнүн тирүүсүндө аларга жакшы соз айта алдыкпы?

Эми көзү өткөндө ичибизден кан өттү окшойт. Мисалы үчүн, мен Элмирбек бир нече жылдан бери ооруп жүргөнүн уккан, билген эмес экем.

Эми «балким билгенде кичине болсо да жардамым тиет беле, балким Зайырбектин китебин чыгарууга колдоо көрсөтөт»? белем деп өкүнүп отурам.

Урматтуу достор! Бул жазгандарым мен эртен менен саарлык ичип, оозуму бекиткенден кийинки ой толгоолорум. Баса калмай жок. Пикиримди эч кимге таңуулабайм. Мен болгону Роза Аманованын кайталангыс талантына баа бердим. Жеке турмушун талкуулагым келбейт. Болгону аз күндүк өмүрдө бири-бирибизди аяп, таланттууларыбызды көзүнүн барында сыйлайлы. Көрө албастыктан, ичи тардыктан, ушактан алыс бололу.

Баарыңарга улуу Рамазан айында жакшылыктарды тилейм! Орозо туткандар, орозоңор кабыл болсун! Роза Аманова сиңдиме кажыбас кайрат каалайм! Анча мынча ушакка, сын пикирге алдырбай, албан-албан чыгармаларды элине тартуулай бер, Роза!» — деди Абдирасулова.