Коом

Брюс Ли жөнүндө 10 факт

 Брюс Ли кино жана уруш өнөрүнүн чыныгы легендасы экендиги талашсыз. Буга чейин анын атуулдук ариети, майтарылгыс кайраты жана экстраординардык жөндөмү тууралуу миңдеген макалалар, жүздөгөн китептер басылып чыккан. Брюс Ли өз мезгилинин супермени болгон жана ал бул ийгиликке жетүү үчүн бардык тоскоолдуктарды жеңип өткөн. Төмөндө мына ушул дүйнө элин таң калтырган адамдын басып өткөн жолундагы урунттуу учурлар тууралуу сөз болмокчу.

1.    Брюс Ли 1950-жылдары Гонконг шаарынын көчөлөрүн таптаган «чоң муштум» балдардын катарында жүргөн. Ал гана эмес ал  «Жанкшен көчөсүндөгү жолборстор» — деген ат менен белгилүү банданын курамында болгон. Бир жолу ал белгилүү бир адамдын баласын катуу уруп койгондуктан, өч алуу болорунан чоочулаган ата-энеси аны АКШны көздөй качырып жиберишкен.

2.    1964-жылы Брюс Ли Калифорния штатында уруш өнөрү боюнча сабак бере баштаган. Ошол учурларда айрым бир мастерлер кунг-фу өнөрүн кытайлар гана өздөштүрүүсү керек деп эсептешкендигине карабастан, анын кол алдында машыккандар ар кайсы улуттун өкүлдөрү боло турган. Натыйжада, Брюс Лини  кытай жамаатынын мүчөсү болуп саналган Вонг Жек Ман  жекеме-жеке мушташууга чакырган. Мушташтын шарты боюнча эгерде Брюс Ли жеңилип калса, кытай улутунан башкаларга кунг-фу өнөрү боюнча сабак берүүсүн токтотмок. Албетте, ал бул мушташтан утуп чыгып, сабак берүүсүн уланткан.

 3.    Брюс Линин машыгуулары өтө оор жана кооптуу болгон. Бир жолу ал салмагы 45 кг штанга менен көнүгүү жасап жатып, омурткасын кокустатып алган. Бирок дарыгерлердин каршы чыкканына карабастан Брюс Ли машыгуусун токтоткон эмес жана алган жаракатынан толугу менен айыгып, мурдагыдан да чапчаң, кубатуу болуп чыга келген.

Unicode

4. Стив Маккуин, Джо Льюис, Чак Норрис, Джеймс Коберн өңдүү белгилүү адамдар өз учурунда Брюс Лиден сабак алышкан.

5.    Кыймыл-аракетин камералар тартып жетишпей кала бергендиктен  операторлор көпчүлүк учурларда жасалып жаткан соккуларды жайыраак жасоо керектигин Брюс Лиге эскертип турушчу. 

7. 1958-жылы Брюс Ли Ча-ча боюнча Гонг-Конг чемпионаты менен бирге  бокс боюнча чемпионатты бир мезгилде уткан. Спорттон сырткары, аны кызыктырган нерсе бул поэзия болгон жана адистердин айтуусунда ал бир катар мыкты ырларды жазып калтырган. 

 8. Брюс Ли төмөндөгүдөй трюк ойлоп тапкан: мелдешкен адам алаканда турган тыйынды муштумга түйгүчө  Брюс аны башка тыйынга алмаштырганга жетишчү.

 9.         «Ажыдаардан чыгышы» деген көркөм тасма тартылып жаткан учурда Брюс Ли образга кирип кетип, капысынан актёр Боб Уолдун колун сындырып алган. 

10.  Эч кимден жана эч нерседен коркпойт деген Брюс Ли суудан өтө корко турган. Чабак урганды билчү эмес жана сууну жек көргөн. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button