Белгилүү ырчы Айгуль Чалова өзүнүн социалдык баракчасына батирден кубалап жатканы тууралуу жазып чыкты.

“Кожоюнум мен жашаган батир акысын “төлө же чык” деп жатат. “Бир аз коё туруңуз” десем болбой жатат. Кызым экөөбүз кайда барабыз чыгарып салса билбейм. Азыркы убакта квартира издеп көчөлөмөк тургай көчөгө чыга албайсың. Эмне деген кырдаал? Мындан ары жашоо кандай болорун элестетүү да кыйын болгондой сезилип баштады. Жаратканым жардам берээр, мээрими чексиз. Бул постту үйү жоктор гана түшүнсө керек”, — деп жазды ырчы айым.