Хабиб Нурмагомедов: “Орозо бүтсө баарыңарды сындырам”

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов 2020-жылдын июль айынан баштап беттештерге даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу мушкер “MMAjunkie” басылмасына берген маегинде айткан. “Орозо айы 23-майда аяктайт. Мен андан кийин каалаган убакта беттешкенге даярмын. Июль айында мен даяр болом. Мен жөнүндө сүйлөгөндү токтоткула. Азыр коронавирустун учуру. Хабибдин убагы келгенде, мен алардын бардыгын сындырам”, – деп билдирген мушкер.

Эске салсак , буга чейин америкалык мушкер Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор карьераларын бүтүрүш керектигин айткан.