Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал режимин киргизгенден баштап Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБнин кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу боюнча өз ара аракеттенишип иш алып барууда.

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын аймагында коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу максатында санитардык-карантиндик пост орнотулган, ал постто милиция кызматкерлери медициналык кызматчылар, ӨКМнын өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Мындан тышкары, райондук ичиндеги айыл аймактарында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен элдик кошуундан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен куралган 30 кошумча пост орнотулган.

Район ичинде унаа каражаттарынын жүрүшү чектелген. Посттордо укук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ар бирне милиция кызматкерлери бекитилген. Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоосун камсыздоого унаа менен жана жөө кайгуул уюштурулууда. Жергиликтүү райондук администрациясы менен биргеликте эл арасында жеке коопсуздугун сактоо боюнча сунуштулган чараларын аткаруусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, күндүзгү жана түнкү убакта коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган милиция кызматкерлеринен мобильдик топтор түзүлгөн. Ноокен аймагында жайгаштырылган обсервациялык пункттарды күнү-түнү кайтарууга алынган, мындан сырткары үй карантинине жиберилген жарандарды карантиндик режимдин талаптарын сактоосу боюнча медициналык кызматкерлер менен биргеликте иш алып барышууда. Ошондой эле, жергиликттүү тургундарга үн чыгаруучу каражаттар аркылуу коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар берилип, жеке коргонуу эрежелерин сактап, үйдөн зарыл болгон учурда гана чыгуусу, адамдар арасында аралыкты сактоосу, бет кап кийүүсү, коомдук жайларга барбоосу зарылчылыгы жөнүндө айтылууда.

ИИМдин басма сөз кызматы