Улуу адам — өткөн өмүр жолу, жашоодо алган сабактар, жашоого болгон көз карашы, жашоонун маңызын түшүнүшү, өмүрдүн өзгөчөлүгүн баалашы бул жалган дүйнөдө көңүлдү гүл сыяктуу баалашы, көңүл өмүрдүн булагы жана өмүрдү жашартып туруучу касиетке ээ экендигин терең түшүнүүчү, жашоого туш келген туюк жолдон жол таап чыгып кетүүчү, ар кандай учурда сөздүн күчүн өз ыгы менен пайдалануучу, ой сезиминин бийиктиги, жашоонун бороон-чапкынына сабырдуулугу, эрки менен туруштук берүүчү, жүрөк сезиминин тунуктугу, бардык нерсеге туура, калыс баа берүүгө жөндөмдүүлүгү, жашоодогу турмуш адам үчүн жайлуу жатып эс алып өтүүчү жер эместигин алдын ала сезип, жашоонун босогосун жаңы эле аттаган урпактарга нур сыяктуу сөзү менен жардам берүүчү, жашоонун жолунан адаштыруучу же бакытка алып баруучу адал менен арамды, ак менен караны, дос менен душманды ажыратып, пайдалана билүүнү, ар кандай кырдаалда адашпай ак жол таап чыгып кетүүчү жолду таап берүүчүлөрдү улуу инсандар, касиеттүү карыялар деп калкыбыз тарыхтан бери баалап, барктап, урматтап, сыйлап сыйкырдуу сөзүнө баа берип жаттап келет.

Өмүр өтөт, адам чачын ак басып улгаят, жол көрсөтүүчү карыя болот, бирок ой карыбайт, сезим карыбайт, жүрөк жаш бойдон турат.

Жашоо бул жазда айдалган эгиндей, күздө алган түшүмдөй, жаш кезде эгин, карыганда түшүмүн жыйнагандай.

Түшүмүң турмуштан алган иш тажрыйбаң эмгегиңе жараша сыяктуу. Өзүңдүн ой-сезимиңди, акылыңды өстүрүп, өркүндөтүп, Кудай берген талантыңды (талантсыз адам төрөлбөйт) такшалтып, баарын эмгек менен айкалыштырып, ак ниетиң менен ак эмгектенгенде гана күзгү алган түшүмүңдөй иш тажрыйбаң эл үчүн кызмат этип, элдин алкышына, калыс баасына ээ болот да, сиз улуксуз, урматтуусуз, сыйлуусуз деген эл оозундагы баалуу, барктуу сөздүн ээси болосуз.


Убакыт менен өмүр, жан дос, дене дос сыяктуу бир өмүргө бирге билинбей жүргөн түбөлүк жолдош турбайбы. Убакыт билинбей өтүп улгайганыңды да билбей каласың, жүрөгүм жаш деп жүрөгүңө сүйөнүп туруп каласың. Бирок убакыт өтүп, карылыктын калтыратып кармаган учуру да келип жетет.

Өмүр деген учкан куш менен аккан суу экен го деп айтууга аргасыз болосуң. Бир кезде учкан куштай зымырап желди жеткизбеймин деп жүргөн курак болот. Шар аккан суудай кайратың, шарактаган шаңкылдаган үнүң акырындап азаят тура, бул да жашоо мыйзамы.

Ушундай жол менен улгайганыңыз улуулугуңуз, жүрөк эргиткен кайрат, кубат, дем берүүчү сөзүңүз, сулуулугуңуз баалуу, урматтуу карыялар. Ошентип карылык да өзгөчө дүйнө. Ал дүйнөгө жеткен да бар, жетпей асылып агып өткөн да бар.

Карылыктын доорун сүрбөй, ызаат менен урматын көрбөй жалган дүйнөнүн бороону менен чапкынында чарчап арып калгандар бар.

Бир кем дүйнө деп армандуу азап тарткандар бар. Жашоонун кызыгына батып, кызыгып жашап өткөндөр бар.

Эл баасын алып элдик адам деген атка конгондор бар. Күйгөн от өчөт экен, төрөлгөн да бир кезде бул дүйнөдөн кетет экен.

Ушундай өттү-кетти деген жашоо экен. Бул дүйнө пенделик жашоо экен. Учурду баалап, келечекти көрө билген көрөгөч даанышмандар улуу экен.

Макала фейсбук колдонуучусу Кеңешбек Айтикеевдин баракчасынан алынды. Авторго ыраазычылык билдиребиз!