Кытай окумуштуулары ооруга чалдыгышкан эркектердин уругунда SARS-CoV-2 жаңы типтеги коронавирус бар экендигин аныкташкан.

Вэйго Чжао жана Шиси Чжан деген дарыгерлер Шанцю шаарында дарыланып жатышкан 15 жаштан 59 жашка чейинки курактагы 38 эркектин уругун текшерип көрүп, барында коронавирус бар экендигин аныкташкан.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча мунун өзү коронавирус жыныстык жолдор аркылуу дагы жугат дегенди билдирет. Айова университетинин микробиология жана иммунология боюнча профессору Стэнли Перлман New York Times журналына берген маегинде: — «Бул өтө кызыктуу ачылыш экен, бирок эркектердин уругунда вирустан улам пайда болгон кандайдыр бир продукт эмес, вирустун өзү экендигин дагы далилдөө керек» — дейт. Анын оюу боюнча кеп РНКдагы вирустун фрагменттери тууралуу болуп жатышы дагы мүмкүн.