Республикалык ыкчам штаб кыргызстандыктарды санитардык-гигиеналык жана социалдык обочолонуу эрежелерин сактоого, өзгөчө, көп сандаган адамдар катышкан үй-бүлөлүк, же салттуу майрамдарга, иш-чараларга барбоого чакырат.

«Бул аракеттер сиздин жана жакын адамдарыңыздын өмүрүнө коркунуч туудуруп, кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатында бир нече адамдын оору жуктуруп алуусу буга далил болуп берет. Жакындарыңызды тобокелдиктерден сактаңыз. COVID-19 дартынын белгилери пайда болгон кезде өз алдынча дарылануудан алыс болуп, жашаган жериңиз боюнча медициналык кызматтарга кайрылыңыз», — деп белгилешти ыкчам штабда.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдиргендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү маселесине басым жасашы тийиш. Анын айтымында, айрым тоо-кен компаниялары алардын ишине тоскоолдук келтирген маселелерди айтууда.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн тийиштүү шарттарды түзүшү зарыл. Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, бул багытта иш жетишсиз деңгээлде жүрүүдө, ошондуктан бул маселеге көңүл бурууга чакырам. Мындан тышкары, экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу иши Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткаруу менен коштолуусу тийиш экендигин дагы бир ирет белгилеп кетким келет. Ал талаптарга ылайык, жумушчулардын ортосундагы аралык болжол менен 1,5 метрди түзүүсү, бөлмөлөрдү тез-тез желдетүү, санитайзерлерди орнотуу, беткаптарды кийүү жана башка санитардык талаптарды аткаруу керек. Уюмдардын жетекчилери жумуш ордундагы санитардык-эпидемиологиялык абал жана өз кызматкерлеринин ден-соолугу үчүн толук жоопкерчилик алат», — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республикадагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык кызматтарга жарандардын үй карантинин сактоолоруна жана эпидемиологиялык иштер боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өлкөгө келген мекендештер үчүн обсервация жайларын даярдап жатышат.