Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы жугуштуу оорулар клиникасында COVID-19 диагнозу менен дарыланып жаткан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлердин иши тууралуу видео тартып, коомчулукка жарыялады.

 “23-марттан баштап Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында коронавирус жуктурган адамдарды гана кабыл алуу башталган. Ошол күндөн тартып клиниканын медкызматкерлери, техникалык кызматкерлери күнү-түнү ошол жакта кызмат кылып жатышат, алар бир туугандары, үй-бүлөсүн да көрө элек, оорукананын аймагынан чыга элек”, — деп айтылат видеодо.

Коронавирус медициналык кызматкерлеринин күнүмдүк иш режимин, жашоосун түп тамырынан бери өзгөрттү. Ушундай узак убакыт сыртка чыкпай, жакындарын көрбөй иштөө жеңил эмес, биринчи кезекте психологиялык жактан да оор.

48 күндүн ичинде 185 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул дагы чек эмес. Күндөн күнгө жуктургандардын саны көбөйүп атат. Вирусту жеңип, айыктыруу биздин жогорку профессионал медиктерибиздин көрсөткүчү”, — деп айтылат видеодо.