Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу — делимитация, демаркация процессин баштап бүтүрүү.
Бул Кыргызстан жана Таджикистан өкмөттөр аралык комиссиянын жумушу жана анын кана компетенциясы. Ушул комиссиянын кана чечимдери юридикалык күчкө ээ. Тилекке каршы тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей,бизге тап такыр туура келбеген шарттарды айтып , компромисске келүү абдан татаал болууда.
Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо — өтө туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси — Баткен областы аркылуу Таджикистанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу!
Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек!
Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга — тез арада эрки жетет деп ниеттенели.
17-сентябрь, 2019-ж.