Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Баткен облусуна кетти.

Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат.

Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт.