Бүгүн Улуу Жеңишке 75 жыл! 9-май биздин үй-бүлө үчүн өзгөчө дата, өзгөчө майрам. Анткени, от күйгөн кандуу майданда өзүнүн чыныгы эр азамат экенин дадилдеп,  бүгүнкү бейпил жашоо үчүн күрөшкөн миңдеген аталардын катарында менин дагы чоң атам болгон.

Чоң атам Маматкул Өсөров 18 жашында    мекен үчүн согуш талаасына аттанып, майданда кан кечип, каардуу фашизмди жеңүү аракетин көргөн аскерлердин катарына кошулган. Ал эми 15жаштагы чоң апам Самара Өсөрова  дал ушул кан күйгөн согуш жылдары тынбай тылда эмгектенген экен. Мен чоң ата чоң энемдин тарбиясын алып калганыма абдан бактылуумун жана  алардын  эрдигин айтып, эмгегин эскерип туруу милдетим деп билем. Ошол себептен, дал ушул күндү утурлай чоң ата, чоң энемдин бейнесине көз чаптырып, согуш учурундагы көргөн кыйынчылыктары, кайтып келгенден  кийинки мекен үчүн кылган кызматы, уул-кызына, бизге берген баалуу тарбиясы тууралуу  баяндап бергим келип турат.

   Чоң атам Маматкул Өсөров 1924-жылы 13-августта Кыргыз ССРнин  Ош облусунун Лейлек районунун   Ак-Терек  айылында туулган.1941-жылы Лейлек районунун Тогуз-Булак  айылында жети жылдык  мектепти аяктаган жана кадрдын жетишсиздигинен улам ушул эле мектепте мугалим болуп эмгектенип калат. 1942-жылдын октябрь айында Советтик армиянын катарына чакырылып, ушул эле жылдын декабрь айына  чейин Саратов шаарында аскердик даярдыктан өткөн. Андан соң согуш талаасына аттанып, 1942-жылдын декабрь айында    Сталинград шаарын бошотууга катышат.

1943-жылы Курск дуга салгылашуусунда  Комышовск жана  Хомутовск райондорун душмандардан калкалап, ушул салгылашууда катуу жаракат алган. Дал ушул салгылашууда көрсөткөн эрдиги үчүн  “Мыкты пулеметчик” ардак белгиси менен сыйланат. Жаракатын дарылоо үчүн госпиталга жөнөтүлгөн. Согуштун оргуштаган жалынын, совет аскерлеринин канга малынган жанын көргөн  чоң атам кайраттанып, мекенин коргоого далалат кылып, айыгаар менен   кайра эле согуш талаасына бет алган. 1943-жылдын декабрь айында  1-Беларусс жана 1 – Украина фронтторуна  катышып, дал ушул союздук  республикаларды немецтик-фашисттик  баскынчылардан бошотуу менен  Полшага чейин жетет. Ошол учурда сержанттык наам менен  артиллериянын командири кызматын аткарган.  1944-жылдын май айында Бух дарыясынын жээгиндеги салгылашууда катуу жаракат алып, Киев шаарындагы госпиталга жөнөтүлүп, кийин Саратовго которулат.  Таманына, эки далынын ортосуна, буттарына,санына ок тийип айрым жерлерин тешип өтүп кеткен экен.

Бир канча ок жеп, жарааты оор болгондуктан атайын  Медкоммиссиянын чечими менен 1944-жылы май айында  чоң атам үйүнө жөнөтүлөт. Ошентип, 1944-жылдын август айында туулган айылына келет. Элин,жерин, үй-бүлөсүн сагынып келе жаткан чоң атамды үйүндө кубаныч күтүп турган эмес эле. Анткени, энеси Разия Мадалиева жана кичүү иниси оорудан каза болуп калган болот. Бир гана Рахматжан аттуу иниси туугандарынын колунда жалгыз калып, ал дагы катуу ооруп жаткан экен. Чоң апамдар ошол мезгилдерде ачкачылыктан жана башка себептер менен түрдүү жугуштуу оорулар да күчөп, канчалар жан бергенин да айтып калышаар эле.

  Ал эми атасы согуш башталаардан бир канча жыл мурун эле молдолорду сүргүнгө айдаган жылдары каза болгон экен. Ошентип, 20 жаштагы чоң атам кайратынан жанбай, инисин колуна алып, эл үчүн эмгек өтөөгө бел байлайт.   Фронттон келгенден кийинки ишмердүүлүгүн эл агартуу жаатында,  “Өзгөрүш” айылыныдагы башталгыч мектебинде мугалим болуу менен улантат. 1947-жылы Райкомдук партиянын сунушу менен “Өзгөрүш”  колхозунун эсепчиси болуп дайындалат.  Андан кийин  үч айлык бухгалтердик мектепти аяктап, Сталин атындагы  колхоздун башкы бухгалтери болуп дайындалат.  Кийин “Исфана”  колхозунда партком болуп иштеген.  1958-жылдын апрель айында   Тогуз-Булак  айылдык кеңешинин сессиясынын № 17 протоколунун негизинде  ушул айылдык кеңешинин катчысы болуп шайланат.Катчы катары   1964-жылдын май айына чейин эмгектенип, Тогуз-Булак  айылдык кеңешинин сессиясында № 3 протоколдун негизинде   Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгынын бухгалтер-ревизору болуп которулат. 1978-жылдан 1993-жылга чейин   Лейлек  райондук айыл-чарба башкармалыгынын башкы бухгалтеринен тартып, финансыны пландоо бөлүмүнүн башчысы, башкы экономист-финасист кызматында , агро өнөр жай куруу бөлүмүндө, Лейлек  РАСтын, “Кара-Булак” совхозунун башкы бухгалтери катары  эмгек өтөйт.  Жалпы 52 жылдык эмгек стажы менен ардактуу эс алууга чыккан.   

Айылдык кеңештин 4 жолку, Райондук кеңештин 2 жолку, Облустук кеңештин 1 жолку депутаты болгон. Ата-Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн   2 орден, 12 медаль  жана башка көптөгөн наамдары жалпы урпактары үчүн чоң сыймык!

     Ал эми үй-бүлөсү жөнүндө айтсам, чоң атам согуштан келгенден кийин чоң апама үйлөнүп, экөө жети баланы: 3 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрөт. Чоң атам өмүр бою мамлекеттик кызматтарда эмгек кылса, чоң апам Самара Өсөрова  үй кожойке катары бала тарбиялап, мал-жанды башкарып, узчулук менен алектенген. 

Чоң атам менен чоң энем бийик адамгерчиликтин, эмгекчилдиктин, акылмандыктын, чынчылдыктын өзгөчө үлгүсүн урпактарына калтырып кеткен десем болот.

Аталарымдын, эжелеримдин айтуусу боюнча илим-билимдүү,адамгерчилиги бийик  адам гана жашоодон татыктуу ордун таба алаарын тынбай айтып, баардык балдарын көп окууга үндөгөн экен.

   Ал тургай согуштан келгенден кийин жалгыз иниси Рахматжан чоң абамды дагы окушуң керек деп, артынан сая түшүп жүрүп окуткан экен. Жана албетте, өз балдарынын билим алуусуна шарт түзүп, баарын  жогорку окуу жайга окутуп, ар бири өз кесибинин татыктуу адиси болушту.
Алсак, эң чоң кызы Мария  Маматкулова ОШ педагогикалык институнда окуп азыркы күнгө чейин ага окутуучу катары эчендеген балдарга билими берип, эмгек кылып келет. Ал эми уулдарынын чоңу  Эгемберди Маматкулов да дал ушул агартуу майданында үзүрлүү эмгектенип, жөнөкөй мугалимдиктен баштап, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп, азыр ардактуу эс алууда. Кичүү уулу Акылбек Өсөров жөнөкөй кызматчыдан тартып, Ички иштер башкармалыгынын райондук, облустук башкы тергөөчүсү кызматын аркалаган. Ал эми менин атам Кудайберди Өсөров орус тили мугалими катары балдарга билим берүү менен өз ишмердүүлүгүн баштап, мектеп диретору, айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук адмнистрациянын жалпы бөлүм башчысы кызматтарында үзүрлүү эмгек өтөп, учурда да айылыбыздын мектеп диретору.  Ал эми кыздарынын бири Гүлсана Маматкулова “Сүлүктү” шахма башкармалыгында, дагы бир кызы Батма Өсөрова  Ош медициналык колледжинин директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары болуп иштеп келсе, кичүү кызы Назира Өсөрова математика мугалими. Аталардын улуу жолун улап жалпы урпактары ар кайсы багытта ак кызматын өтөп келүүдө.

Чоң атамдын токтоо, сабырдуу, нарк нускалуу, салабаттуу, сүрдүү мүнөзүнөн уул-кыздары, кийин биз небере-чеберелери таасирленип, өзгөчө сый көрсөтүп турчубуз. Согуш учурундагы кыйын кырдаал, апаат жөнүндө эскерип, анын кесепетинен алган жарааттарын уул-кызына, неберелерине көрсөткөн эмес. Сурап калган учурубузда гана учкай сөз кылып койбосо, андай күндүн бетин жараткан бизден ары кылсын,мындан ары тынчтык болсун  – деп гана айтаар эле. Балким, андай кыйын күндү эстөөдөн заарканып, жүрөгүндө тынчтык гана тилеп өмүр сүргөндүр.

 Чоң энем тылдан алган сабагыбы, жэ дээринен кан аркылуу келген мүнөзүбү өзгөчө эмгекчил эле. Алардын уул-кызына берип кеткен эң баалуу мурасы бийик тарбиясы болгон экен деп айта алам. Алар аталарымды, эжелеримди чынчыл болууга, мекен үчүн ак кызмат өтөөгө, эркиндиктин барк-баасын билүүгө үндөө менен бекем тартипте тарбиялаган.

Бекем ыйман,тартип, окуу жана талыкпаган эмгек гана жакшылыкка алып бараарын айтуудан чарчаган эмес экен. Бирөөгө кошамат кылуу, жалган айтуу, жагалдануу, чыккынчылык биздин урпактарга жат мүнөздөр. Албетте ушундай тарбиянын башатында чоң атам менен чоң энем турат. Алардан алган бийик тарбияны ата-энелерибиз бизге берип келет, биз кийинки урпактарыбызга бул улуулукту өткөрүп берүү далалатында болобуз.

Чоң атам менен чоң энем калктын кадырлуу, айылдын ардактуу, нарк нуркалуу инсаны катары ар дайым сый үстүндө өмүр сүрдү.

Өзүнөн кичүү муундарга, уул-кызына туура багыт, ой казынасын чубап, ортого салып,акыл-кеңешин берип жүрүп чоң атам 85 жашында, чоң апам 90 жашында дүйнө салды.

Ушундай улуу инсандардын урпагы болуу биз үчүн сыймык жана жоопкерчилик!

Дал ушул тынч, бейпил жашоону бизге тартуулоо үчүн кан кечип,мекен үчүн жан берген аталарыбыздын эмгегин эстеп, эркиндиктин баа-баркын сезип, эл үчүн адал эмгек өтөөгө жалпыбыз милдеткербиз деп билем.

 Аталарга таазим этүү менен көз жаш аркылуу келген кубанычтын майрамы болгон Жеңиш күнү менен аталарыбызды, тылда эмгектенген апаларыбызды, жалпы элибизди куттуктайбыз!

                                                               Небереси Нурсултан Өсөров