Бүгүн, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында өзгөчө абалдан улам узак убакыттан бери токтоп турган ишканалар ишин жандантты.

Тактап айтканда микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, акча алмаштыруу жайларына, ломбарддарга, кыймылсыз мүлк агенттиктерине, адвокаттык кеңселерге, басма кызматтарына, техникалык тейлөө тармагына, курулуш, авто, тигүү материалдары сатылуучу дүкөн жана базарларга, автосалондорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына иштөөгө уруксат берилген.

Эгер ишкана ээлери гигиеналык талаптарды так сактабаса, жетекчилерине жана ишкана жабылат. Мындай пикирин Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев билдирди.

«Экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө иши жандандырылган ишканаларга атайын түзүлгөн аймактын комиссия жана 7 мобилдик топ көзөмөл жүргүзөт. Эгерде ишканалар карантиндик-санитардык жана гигиеналык талаптарды сактабаса, алардын жетекчилери жоопко тартылат жана бул ишканалардын иши кайра токтотулат», — Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев.