Жалал-Абад шаарынын комендатурасы өз ишин жыйынтыктады
Бүгүн, 11-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын иши жыйынтыкталып, өзгөчө абал учурунда комендатура менен тыгыз байланышта болуп, жакындан көмөктөшкөндөр сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өзгөчө абал учурундагы Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков комендатура менен кызматташкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, комендатура коюлган талаптарды толук кандуу аткарып, өз ишин аягына чыгаргандыгын билдирди. Ошону менен катар бир топ кызматкерлерге жана элдик кошуундун өкүлдөрүнө ыраазычылык каттар жолдонду.
Ошондой эле комендатуранын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, коронавирус илдети менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин эбегейсиз зор салымдары бар экендигин белгилешип, ардак грамоталарды тапшырышты.
Өз кезегинде Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов өздүк курамды мындан ары дагы бул илдетке каршы турууга, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле кызматкерлердин өздөрүн да санитардык нормаларды сактоого үндөдү.