Медициналык башкармалык – медициналык камсыздоо жана аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.

ИИМдин Медициналык башкармалыгына ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын медициналык жактан камсыздоо, ИИМдин ардагерлерине, үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине медициналык жардам көрсөтүү боюнча бөтөнчө милдет жүктөлгөн.

Ошону менен катар, азыркы учурдун талабына ылайык “өзгөчө кырдаал” киргизилген аймактарда санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларын уюштуруу багытында тапшырмаларын аткаруу жүктөлгөн. Муну менен, өлкөдөгү коронавирус илдети менен күрөшүү учурунда ИИМдин Медициналык башкармалыгына кошумча бир топ оор түйшүктөр жүктөлдү. “Өзгөчө кырдаал” жана “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген күндөн тартып, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери коронавирус илдетинин ИИОнун өздүк курамы арасында жайылып кетпөөсүнө багытталган иш-чараларга активдүү катышып келет.

Учурдагы оор абалда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине медициналык жана психологиялык жактан түшүндүрүү жана жардам көрсөтүү максатында туруктуу негизде, алар кызмат өтөгөн бөлүктөргө, блок потторго жана обсервацияларга чыгуу менен жардамын көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары, алар үй карантинине жаткырылган милиция кызматкерлеринин абалын жеринде кароо иретинде мобилдик топтор менен көзөмөлдөп турушат.

Ал эми, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна анализдерди алуу жана алып келүүнү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгына караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору иш алып барууда. Азыркы учурда, эпидемиологиялык абалга жараша милиция кызматкерлеринен ПЦР-анализдерди кабыл алуу үчүн, ИИМдин бейтапканасынын базасында атайын жабдыкталган өзүнчө бөлмө бөлүнүп берилген.

Медициналык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан шектүү болгон милиция кызматкерлеринен ПЦР жана экспресс тесттер алынып, изидөөлөр жүргүзүлүп турат, мындан тышкары Бишкек ш. ИИББнын Убактылуу кармоочу жайында кармалган 40тан ашуун жарандан анализдери алынып, изилдөөлөр өтүп, кандайдыр бир илдеттер аныкталган эмес. ИИМдин бейтапканасынын дарыгерлери жана мед айымдары милиция кызматкерлери катары, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын оңдоп-түзөлгөн ден-соолукту чыңдоо борборунун базасында катташ болгон ИИОнун жана аскер кызматчылары үчүн обсервациялык пункту түзүлгөн. Медициналык кызматкерлер тарабынан ИИМге караштуу бейтапкананын жана госпиталдын имараттары, ошондой эле ИИМдин имаратын жана кызматтык унааларын туруктуу негизде дезинфекциялоо жүргүзүшүп турат. ИИМдин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн имараттарынын кире бериштеринде күн сайын милдеттүү түрдө температурасын ченөө каралган.

Ошондой эле, блок посттордо жана кайгуул-күзөттө кызмат өтөгөн кызматкерлер да текшерүүдөн өткөндөн кийин кызматка жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык кызматынын кызматкерлери гумандуу жана оор кесибине жан дили менен мамиле кылып, кызмат өтөөсүн улантууда.

ИИМдин басма сөз кызматы