АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска каршы бет кап тагынбагандыгынын себеби адамдарга жакын барбайт.

Пресс-конференцияда  Трамптан Ак үйдүн бардык кызматкерлери бет кап тагынып, ал тургай анда иштеген бир нече кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу мунун өзү милдеттүү түрдө киргизилгендигине карабастан эмне үчүн бет кап тагынбай жүргөндүгү тууралуу сурашканда: «Кызматкерлер мага жана бири-бирине карата белгилүү бир дистанцияны кармашат. Ал эми мен эч кимге жакын барып, же кол алышып көрүшкөнүм жок. Ошол себептүү ал мен үчүн милдеттүү эмес деп ойлойм»-деген жооп узаткан. 

Ошол эле учурда ал азыр Ак үйдө иштеген бардык кызматкерлердин бири калбай бет кап тагынып жүрүшкөндүктөрүн жана муну ал талап кылып жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенсти күн сайын коронавируска каршы тесттен өткөрүшөт.