Бүгүн, 12-майдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында депутаттар Аида Касымалиева менен Таабалды Тиллаев Баткен облусундагы чек ара маселесине токтолушту.  

Алсак, төраганын орун басары Аида Касымалиева кыргыз-тажик чек арасында жакында эле катталган чырдан улам жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалына токтолуп, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндөгү маселени көтөрдү.

Ал эми депутат Таабалды Тиллаев акыркы жылдары чек арада чыккан жаңжалдардан улам отуздай аскер кызматкери жабыркаганын белгилеп: “Алар жаштайынан майып болуп калышты. Андыктан, чек арадагы кырдаалдардан жабыркаган аскер кызматкерлерине социалдык кепилдиктерди берип, турак-жай менен камсыздоо чараларын иштеп чыгуубуз кажет”, – деди.

Ошондой эле эл өкүлү Өкмөттү чек ара маселелерин чечүүдө экономикалык рычагдарды пайдалууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши тууралуу Премьер-министрдин отчетун угууда.