Депутат Таабалды Тиллаев Кыргыз-Тажик чек арасын толугу менен жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.

«Чек ара маселеси көнүмүш адат болуп калып жатат. Жоокерлерибиз жаракат алды. Акыркы жылдары 30дан ашык жоокерлер майып болуп калды. Алардын ата-энелери мага кайрылып жатышат. Алардын келечеги эмне болот? Мамлекет тараптан көрүнүктүү жардам кыла албай жатабыз. Биз чечкиндүү кадамдарга баралы. Товар жүгүртүү бир жылда болгону 27 миллион доллар болду. Анын 18 пайызы гана Тажикстанга импорт. Аны түшүнбөсө, менин сунушум чечкиндүү кадамдарга баралы. Чек араны толук жабалы. Сүйлөшүүлөр бүткүчө бир жылбы, эки жылбы, шылтоо айта бербей, конкреттүү кадамга баралы. Же Тажикстандан бир нерсе күтүп жатабызбы?» — деди депутат Тиллаев.

Ал эми Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бир постту жабуу боюнча маселе каралып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күнү ачык айтышыбыз керек, экономикалык рычагдын убактысын өткөрүп жибердик. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык алака жакшы болуп, азыр ортосунда 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат. Бирок Согди облусу боюнча кандайдыр бир деңгээлде бизге көз карандылык бар. Бир, эки күндө «Кайрагач» постун толук жапканга барабыз. Алар өзүлөрү да коронавируска байланыштуу кат жөнөткөн. Азыр бир постту жапканга барабыз, бирок «Кызыл-Белди» толук жапканды эл аралык нормаларга ылайык карашыбыз керек», — деди вице-премьер-министр Мадумаров.