Коомдогу жакшы багытка болгон өзгөрүүлөр, аздыр-көптүр алга жылуулар, жакшы саамалыктар тууралуу эзели бир жакшы сөз айтпай, ар дайым оозун куу чөп менен аарчып, жамандыктын жышаанын гана кабарлаганга жаралгансыган адамдардын бир тобу дагы бул коомчулуктун бир бөлүгүн түзөт турбайбы, тилекке каршы.

«Адилет» деген аты улук, бирок заты курук укуктук клиниканын — НПОнун жетекчиси Чолпон Жакупова мындан туура бир ай мурун өлкөдө коомдук-саясый кырдаал жарылуу алдында турат деп адатынча жамандыктын жышаанын айтып, суук кабарын маалымат агенттиктерине жарыялап чыккан эле.

Ал мындай сөзүн дүйнөнүн үшүн алган таажывирус Кыргызстанда да жарандардан аныкталып, өлкө кыйсыпыр абалда турганда, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, Кыргызстанда мамлекеттик органдар бул илдет менен күрөшүүгө даяр эмес деп кыйкырып чыккан.

Чет жактардан, демөөрчүлөрдөн акча келип эле жатат, бирок медицина кызматкерлери тиешелүү коргоочу кийим-кече, каражаттар менен камсыздалбай жатат, медиктердин өзүнө да илдеттер жугуп жатат деп долуланган. Дегеле грант алып оокат кылгандар, долбоорун жаза салып, эптеп жактай калып, грант берүүчүлөрүнөн шак дегиче доллар алып көнүп алган жандары дал ошентип келген акчаларды ары-бери бөлө тартып алгандай көрүшөт окшойт да.

Анда алгач каражат берүү боюнча сүйлөшүүлөр болоору, мындай дайын-оту билинбеген илдеттин шартында кайсы багыт приоритеттүү экенин, дагы кандай кесепеттер болушу мүмкүндүгүн болжолдоо, карантин чаралары, деги койчу канчалаган жагдайларды анализдеп чыгып анан бөлүштүрүү сыяктуу процедуралар бар экенин ойлоп да коюшпайт экен.

Кайра беттен алып, эч нерсе боло электе эле баарын Өкмөткө шылтай салып, мамлекеттик саясат жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн, медиктер жугузуп алды деп атайылап көө сүйкөй башташты. А эмне үчүн анда ошол грант берүүчү Америка жана Европа өлкөлөрүндө да врачтар жугузуп алган учурлар бир топ катталды? Же алар дагы башка бирөөдөн каражат тапкычакты кырдаалды жөнгө сала албай калып, ошондой абалга туш болуштубу?

Албетте жок. АКШ баштаган мамлекеттер миллиарддаган акчасына таянса да, медицинасы күчтүү болсо да КОВИД-19 деген жаңы вируска алгачкы күндөрү туруштук бере алышкан жок. Аларга салыштырмалуу Кыргызстанда карантин эртерээк жарыяланганы абийир болуптур.

Мындай алдын ала чара көрбөй, биздикинен алда канча көп медиктерине оору жугузуп алышты. Мисалдарды тизмектете берсе ого эле көп. Айтмакчы врачтарга кошумча төлөм төлөө маселеси Өкмөттүн деңгээлинде чечилип калды, буга атайын мыйзам чыгышы керек деп да сынга алып үлгүрдү.

Кана ошол, Жакупованын ЖКдагы тарапташы Никитенко баштаган демилгечи топтун бул мыйзам долбоорун ары жылдырып, кабыл ала калганы? Же Өкмөт ушул кезге чейин Никитенкону күтүп отурушу керек беле? Бул деле Жакупованын жөн жерден эле жумурткадан кыр издегени болгон.

Иши кылып, «Кыргызстан анча чоң өлкө эмес, андыктан анын Өкмөтү чыныгы болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтарды токтото албайт, кырдаалды сыртынан караганда, мындай аракеттер элге карата оор кылмышка барабар» деп элди Өкмөткө каршы тымызын үгүттөөгө алды. «Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал качанкыга чейин созулат, элдин маанайы барган сайын начарлап барат» деп чагым салды.

Бул сөзү менен Жакупова айым, ошол врачтардын «үйдөн чыкпай тургула, биз силердин ден соолугуңарды ойлоп тыным албай иштеп жатабыз, болгону үйдө отуруп бергиле, эмгегибиз талаага кетпесин» деп кан какшап суранган өтүнүчтөрүнө каршы маанай жаратып жатканын билсе да билмексен. Анткени, Жакупованын «клиникасына» окшогон НПОлордун максаты коомчулукту бири-бирине каршы коюу экенин элдин көпчүлүгү билип калды.

Алар ошентип жарандардын эркиндиктери чектелип жатат деп, коронавирустан дагы өздөрүнө пайдалуу долбоорлорду ары-бери токуй салып, олчойгон гранттарды алуу аракеттерин көрүшкөнү айдан ачык болуп калды. «Кимге бул апаат — бул апааттан ким пайда табат» деген аферисттик көз боемочулугу ашкереленди акыры. Кана эми оозун куру чөп менен аарчып, илдетти жеңип чыгуу аракеттерин көргүсү келбей, өлкөдө коомдук-саясый кырдаал жарылуу алдында турат деп шыкылдатып тизмектеген пикирлеринин бири да реалдуулукка айландыбы?

Тилекке жараша, жок. Кудай деген элдин өкмөтүнүн көрүп жаткан иш-аракеттери акырындап жүзөгө ашып жатат. Кудай буюрса сырттан келгендер эле болбосо коронавирус ооздукталып келатат. Элди иш менен камсыздоо боюнча чаралар этап-этабы менен ишке ашырыла баштады. Карантин маалында муктаждарга жардамдар берилип жатты. Иш болгон жерде кемчилик болбой койбойт экен.

Бирок, азыр да муктаждарга кол сунуу уюшурулуп ишке ашып жатат. Ак ийилет бирок сынбайт, Жакупова өңдүүлөрдүн Кыргызстан коронавирусту көзөмөлдөн чыгарып, ооздуктай албай калат деген тилектери таш капты. Кырдаал акырындап турукташа баштаганы ага күбө.

Канткен менен баарыбыз Кудайдын колундабыз. Сактыкка кордук жок, сактануу чараларын бекем карманып, алдыга жыла берели.

Жакупованын сөздөрүнө тигилбей, Жараткандан тынчтык тилейли!