2019-жылдын август айында Кой-Таштагы окуяда ок жеп, курман болгон “Альфа” атайын кызматынын жоокерине бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө эстелик коюлду.

«Альфа” атайын кызматынын кызматкери, маркум Үсөнбек Ниязбековду жакындары эскерип,  ал Ата-Мекендин чыныгы баатыры катары кызматтык учурунда курман болгонун айтышты.

Эскерте кетсек, Үсөнбек Ниязалиевге былтыр 7-апрелде мурдагы  президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы  үйүн курчоого алган учурда ок тийип, курман болгон. Маркум полковникке “Эрдик” медаль берилип, коомчулук өтө кайгыруу менен аны акыркы сапарга узаткан эле.