Казак Эл артисти Роза Рымбаеванын мындай пикирин  казакстандын сайттары жазып чыгышты:

“Мен дасторконду көрсөткөндү көп жактырбайм. Биздин артисттер көбүнчө  “мына бул жерде олтурабыз, мындай тамак жеп жатабыз”-деп бирөө жасап берген дасторконду мактанып көрсөтөт. Жакында мен бир сиңдиме эскертүү жасадым. Кара нан менен чай ичип олтурган жарандар бар. Сен аны билесиңби? Сен неге аны көрсөтөсүң”-деп урушуп таштадым.

Биз СССРдин адамыбыз да.  Ал убакта жашоо башкача эле. Баардыгы бир деңгээлде эле.  Азыр байлыктан тоюнуп кеткендер бар. Артис бул элдин адамы. Демек эл менен бирге болуу керек.  Андыктан артык дүнүйө менен мактанып, элди ачууландырууга болбойт. Тамак ашыңарды интерентке чыгарбагыла. Ачка олтургандарды көрбөй жатасыңарбы?” — деп айтканын жазат басылма.

Булак: Коомпресс