Шевченконун буту айыгып машыгуусун баштады

288

UFC боюнча Кыргызстандан чыккан чемпион Валентина Шевченко бутуна жасалган операциядан кийин машыгуусун кайра баштады. Бул туурасында спортчу кыз Instagram баракчасына жазып калтырган.

Белгилүү болгондой, март айында Валентина бутунан операция жасатып, анын айынан UFC 251 турнириндеги Жоан Калдервуд менен беттеши болбой калган. Мушкер жаракатты соңку кармашында алган. Тагыраагы, ал 8-февралда Хьюстондогу UFC 247 турниринде Кэтлин Чукагян менен беттешип, утуп алган.

“Акыр аягы операциядан эки айдан соң машыгуума кайтып келдим! Көнүгүүлөрүмдү 100 пайыз жасай албасам да, баары бир сүйүктүү ишимди кылгандан жаным жыргап жатат. Акырындык менен болсо да айыгып келе жатам!” — деп жазган ал.