Азыркы учурда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча башкы фигуранттардын бири Каныбек Османалиев болгон кылмыш ишин тергөө улантылып жатат, — деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

УКМКда К.Осмоналиевдин 2020-жылдын 2-мартындагы митингдин тынчтык жолу менен өткөрүлүшүнө жана талаптагыдай аякташына жооптуу экендигине карабастан, аталган митингдин конкреттүү күн тартиби иштелип чыкпагандыгы менен өз сөзүндө мамлекеттик башкарууга байланыштуу, ар кандай маселелерди козгоп, катышуучуларды агрессивдүү аракеттерге түрткү кылып, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөндүгү боюнча жетиштүү далилдер чогултулган.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча С.Жапаров жана анын жакындары митингди өткөрбөөгө чакырган. Бирок К.Осмоналиев өзүнүн кызыкчылыгын көздөп митингди уюштурган. Белгилей кетсек, К.Осмоналиев четтен көзөмөл салып, массалык башаламандыкка айланып кеткен акциянын катышуучуларынын аракетин алдын алууга аракеттенген эмес.

К.Осмоналиевдин арызындагы суракты бир эле жолу гана өткөрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары анын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүүдө.