Жапыкеев камалабы же акталабы? Серепчилердин пикири
Акыркы күндөрү соцтармакта бир катар билдирүүлөрү менен чыгып, айрым саясатчылардын кызматынан пайдаланып ашкере байыганын жар салып келе жаткан прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн ИИМ сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Серепчилер болсо себепсиз адамды каралап, мыйзамсыз кадамдарга барганын сынга алышууда. Мындан улам бирөөнүн маңдай тери менен тапкан байлыгы, кол тийбестик укугу корголушу керекпи? Жапыкеевдин айтып чыккан билдирүүлөрү канчалык реалдуу. Бул суроонун тегерегинде адисттерге кайрылганыбызда төмөнкүдөй жоопторду алдык.
Тазабек Икрамов, Жогорку Кенештин депутаты: Мыйзамды сыйлабасак дүйнө биз менен мамилесин токтотот
— Биз укуктук мамлекет курабыз десек анда эң биринчи Баш мыйзамды сыйлап, урматташыбыз керек. Жеке менчикке болгон кол тийбестик сакталсын деген пикирдемин. Биз мыйзамды сыйлабасак укуктук талаадан чыгып кетебиз. Кыргызстан бир канча мамлекеттер менен дипломатиялык жана экономикалык кызматташтык мамиледе. Эгерде биз дүйнө коомчулугу тааныган баш мыйзамыбызды бузуп, укуктук алкактан чыгып кетсек анда бүт дүйнө биз менен мамилесин токтотот.
Укук коргоочу, Токтоайым Үмөталиева: Жапыкеевге диндердин ортосуна чагымчылдык кылды деп квалификациялап иш козгосо болот
— Жапыкеев жана анын тарапташтары Жумалиевге коюп жаткан күнөөлөрдү биринчи кезекте далилдөөсү керек. Документ түрүндө колунда материал же козголгон кылмыш иши же соттун мыйзамдуу чечими барбы. Жок болсо бул болбогон сөз жана эл дүрбөтүү оюну. Атың чыкпаса жер өрттө дегендей. Куран карматкан бул Алланын атынан келдим дегендик жана аша чапкандыкты билдирет. Куранды карматкан адам да Кудай алдында жооп берет. Орозо күнүндө Куран кармоо бул оюнчук эмес да. Ыйык куранды оюн кылган адамдын акылы жок же артында турган шоу кылдырып жаткан исламга каршы диний күчтөр бар. Мындай нерсе атайын массалык маалыматка алып чыгып, диндердин ортосуна чагымчылдык кылды деп квалификациялап иш козгосо болот. Эртеңки ар бир шоу кылам деген Куранды көтөрүп чуркабасын деген ой. Эмне үчүн ГКНБ га, прокуратура, сотко арыз жазып кайрылбайт? Эмне үчүн ошол эле Жапыкеев ошондой кайрылуунун негизинде документ менен далилдеп берүүсү керек эле да тастыктап куру кыйкырып чыкпай. Мен ойлойм булардын артында бир чоң саясий сырткы жана диндин кадыр-баркын төмөндөтүп атыш чабышка алпара турган күчтөр бар, балким башка куйруктар да чыгып калуусу да мүмкүн.
Талант Мамытов, жарандык активист: Коррупционерлер менен күрөшө турган болсок, биринчи кезекте системаны оңдош керек
— Мен Сыймык Жапыкеевти жакшы тааныбайт экенмин, анын ичинде эмне ойлору бар бир Кудай билет. Айтып жаткан сөздөрү туура, мамлекеттен уурдап байыган чыккынчылар жазаланышы керек. Бирок кантип деген суроо жаралат? Элдин баары эле билишет 30 жылдан бери кимдер коррупциялык жолдор менен арам бизнес кылышып, мамлекетти карызга батырып ушул системаны алып келгенин. Бирок азыркы системада эч ким уурдаганына жараша жазасын албай жатышат. Ошол үчүн кайра-кайра ири коррупциялык иштер кайталанып, уурулар азайбай тескерисинче көбөйүп жатышат. Менин жеке көз карашымда азыркы системада коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Себеби миллиондорду жеп койот экен дагы камалып ошол уурдаган акчалардын аз гана пайызын түрмөгө жумшап коюп жыргап жатыша берет экен. Анан кайра 3-4 жылдан кийин чыгып кайра саясатка аралашып баягы эле кылыгын кайталай беришет. Сыймык Жапыкеев ошончолук айтып чыккандан кийин, түз эфирге чакырса качпай келип далилдеп бериш керек. Анан жөн эле айткандары сөз болуп калса, анда өзүнө эле кыйын болот мыйзам чегинде жооп берип калат.
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: Жеке менчик жана анын корголушу бул базар экономикасынын өзөгү
— Жеке менчик жана анын корголушу бул базар экономикасынын өзөгү. Бул норма бизнес жана өндүрүш менен тыгыз байланышкан. Конституциялык кепилдик толук кандуу корголбосо, анда экономиканын өнүгүшүнө жолтоо болот. Демек, жеке менчик бул жашоо турмушка түздөн-түз өбөлгө болот десек жаӊылбайбыз.
Темирбек Асанбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын төрагасы: Мыйзамды так сактап, азыркы кырдаалдан чыгып кетүүбүз керек
— Биз, эл аралык деӊгээлде түптөлүп калган экономикалык баалуулуктарды туура колдонуунун талаптарын, мыйзамдуулуктун чегинде жеке менчик институт принциптерин сактоо эрежелерин так аткарышыбыз керек. Болбосо, биздин улуттук экононимкабыздын өнүгүүсүнө заманбап технологияларды, инвестицияларды алып келе албай, азыркы кырдаал мындан да тереӊ социалдык -экономикалык кризиске батат. Илимий өнүгүү процесстеринен мамлекетибиз четте калат. Мына ушул баалуулуктарды Кытай мамлекети өтө туура илимий деӊгээлде кабыл алышып, базар экономикасынын баалуулуктары менен күчтүү бийликтин башкаруу эрежелерин туура айкалыштырып, жеке менчиктик кепилдигин камсыз кылганы үчүн бүткүл дүйнөлүк акча ресурстарын улуттук экономикасынын кызыкчылыгына тартып алышты. Кыргызстан ич ара саясый тирешүүлөрдү, бири-бирине сын тагып кемчилик издөө багытындагы популистик сабатсыз тирешүүлөрдү токтотпосо, азыркы кырдаалга дагы кошумча тоскоолдуктар жаралат. Ошондуктан, сабырдуулук көрсөтүп, мамлекетибиздин кризистен чыгарып кетүү боюнча илимий багытын туура тандап, жалпы элибиздин башын бириктирүү өтө зарыл. Коом арасындагы көп жылдан бери орун алган экономикалык адилетсиздиктерди, убакыт ченемдүү акылдуу салык саясаты менен тууралап алабыз.
Мурунку акыйкатчы, Турсунбек Акун: Соттун чечими чыкмайынча адамдын кадыр-баркына шек келтирбеш керек
-Кыргызстандык аткаминерлердин баарын бир жактуу караган болбойт. Сыймык Жапыкеев деген блогердин бийликтегилерге чакырык жасаганын угуп жатам. Кээ бир саясатчылардын байлыгын ачык көрсөтүп, айыптап жатат. Бирок, соттун чечими чыкмайынча адамды жегич, коррупционер деп адамдын кадыр-баркына асылып айыптаган өтө аша чапкандык. Коомдо канчалык кыйынчылык болбосун бийликте асылгандар болуп келген жана боло берет. Болгону бийликте иштеген адамдардын канча мүлкү, байлыгы бар экенин коомчулук менен мамлекеттик органдар изилдеп, текшерип анализдеп элге маалымат бергени оң. Жыйынтыгында сот өз баасын берип андан соң чечим чыгарыш керек.
Диний ишмер, Билалидин ажы Сайпиев: Уккан нерсени айта берүү күнөөгө алып барат
-Уккан нерсени бирөөгө айтуу менен калпычы болуп калуусуна себепчи болуп калат. Эгер далили болсо бир жөн. Ар бир айтылган нерсеге далил болуу керек. Ошон үчүн ар адам тиешеси жок нерселерге, бирөөгө тийешеси жок маселелерге аралашпоосу кажет. Пайгамбарыбыз дагы айтып өткөн “эң жакшы мусулман өзүнө тийешеси жок тармактарга аралашпаган”. Мисалы биз мамлекеттин ички саясатына аралашпайбыз. Молдо болгонубуз үчүн өз ишибизге жоопкербиз. Ошон үчүн уккан нерсени айта берүү күнөөгө алып барат.
Булак: Кадам медиа кж