«Титаник» тасмасынын жаратуучулары тарткан «Аватар» тасмасынын уландысын тартууга 1 миллиард доллар жумшалмакчы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. «Disney» компаниясы мындай чоң суммадагы каражатты биринчи жолу бөлүүдө.

Маалым болгондой,буга чейин тасма Жаңы Зеландия чөлкөмүндө тартылып баштап, пандемиядан улам токтотулган. Режиссёр Жеймс Кэмерон өлкөгө качан келерин айтпаган, бирок «Аватардын» уландысы жакынкы аралыкта тартылып баштаарын билдирген.

Тасманын 2-бөлүгү 2021-жылга, 3-бөлүгү 2023-жылга пландалууда. Эгер тасма жакшы каражат чогултса, 4 жана 5-бөлүгү да тартылып, 2024-жылы жана 2027-жылдары чыкмакчы. Учурда Кэмерон сүрөтчүлөр менен биргеликте компьютердик графиканы жасап, аралыктан иш жүргүзүп жатканын айткан.