Өлкөдө маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, Бишкек шаарындагы 4 театрында жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Жалпы маданият тармагына 2,4 миллиард сом акча каражаты жумшалды.

Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда парламентте өкмөттүн өткөн жылкы иши тууралуу маалымат берип жатып билдирди

“2019-жылы мадиният тармагында жакшы жетишкендиктер болду. Президенттин демилгеси менен мадният мекемеринде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ага 300 миллион сом жумшалды. Дагы акча каражаты которулат. 11 маданият мекемесинин кызматкерлиренин айлыгы 80 пайызга көбөйдү”,-деди өкмөт башчы.