Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, куткаруучулар Сырдарыядагы дамба жарылган жерде, куткаруу иштерин жүргүзгөн учурда, алтын буюмдары бар кутучаны табышкан. Куткаруучулардын айтымында, алар суу ташкынын кесепеттерин жою учурунда, суу астында калган үйдөн кутуча табылган.

«Кутунун ичинде алтын чынжыр жана алтын саат бар болчу. Бул үйдүн ээлеринин менчиги. Алар үйүн суу каптаганда, буюмдарын алганга үлгүрбөй калган. Биз бул баалуулуктарды ээлерине кайтарып бердик», — дейт аскер кызматкери Элмурод Норматов .

Дагы бир жоокер Камил Чориев, Мирзаабад районундагы Навбахор кыштагын тазалоо учурунда 720000 сум акча тапкан, ал да ээлерине кайтарылып берилген.