Ар бир айым ажарлуу жана сулуу болгусу келет. Чач бул кыздардын жамалын ачкан эң негизги курал. Кундуздай төгүлүп турган чачка ээ болууну кааласаңыз, эң жөнөкөй жана арзан ыкманы колдонуп көрүңүз. Ал үчүн кадимки шампуньга арзан, бирок өтө натыйжалуу ингредиенттерди кошуу менен жакшыртса болот.

Роза гүлүнүн тундурмасы дээрлик бардык дарыканада сатылат, аны кан айланууну жакшыртууга, какачтын алдын алууга, чачтын түшүүсүнөн, теринин кургап кетүүсүнө каршы колдонушат. Ал чачтын өсүшүн жакшыртууга жардам берип бузулган чачты калыбына келтире алат. Алоэ — косметологияда, медицинада пайдалуу болгон сонун өсүмдүк. Чачка да таасирдүү. Бул өсүмдүк чачтын өсүшүн жакшыртып, тамырларды бекемдеп, терини нымдап, коргойт.

Ошондой эле, какачтан арылууга, чачтын көлөмүн көбөйтүүгө, аларды жумшак жана жалтырак кылууга көмөк көрсөтөт. Ал үчүн, шампуньга бир аш кашык алоэ ширесин кошуп, кадимки жол менен чайкоо керек. Кастор майы . Бул майды шампунга аз гана өлчөмдө, бир-эки тамчы гана кошуу сунушталат. Кастор майын колдонуу менен сиз кургак жана бузулган чачтын абалын бир аз жакшыртып, калыбына келтирип, жылмакай жана жылтырак кыла аласыз.