Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арада тажикстандыктар тарабынан өрттөлгөн үйдү толугу менен калыбына келтирет. Жашоого толук ыңгайлуу шарты менен турак-жай куруп берет.

Бул демилгени колдоп, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, экс-депутаттары да биз чогултуп жаткан акча каражатына өзүнүн салымын кошоорун билдире баштады. 

Чогултуп жаткан акча каражатынын максаттуу сарпталышы, өрттөнгөн үйдүн курулуш иштерине чейин, демилгенин максатына жетиши толугу менен Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө болот. Өзү ошол окуя орун алган жерге барып, жумуштун тездетилишине, маселенин туура шартта чечилишине аракетин жасайт.