Орусиянын Оренбург облусунда орус-казак чек арасында 11-майдан бери мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн өзбекстандык мигранттар топтоло баштады. Алар казак тарап чек арасын 11-майда ачары тууралуу маалыматтан улам жыйналганын билдиришкен. Бирок, расмий Нур-Султан коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салынмайынча сырткы чек арасын ачпай турганын билдирген. Азыркы тапта, орус-казак чек арасына 400-500 өзбек мигранттар топтолуп, өткөрүп жиберүүнү суранып жатканы айтылууда.

Эске салсак, буга чейин, Кыргыз өкмөтү 541 мигрантты, бир жолку транзиттик жол ачып берүү менен Казакстан аркылуу алып келген.