Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

— Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Эркинбек Болотбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду;

— Ош облустук сотунун судьясы Касымалиев Мыктыбек Камчыбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 7-майынан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Бекбаева Нурия Хусаиновнанын ыйгарым укуктары токтотулду.