Бүгүн, 14-майда Бишкекке Катар жана Кувейттен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха – Бишкек» рейси аркылуу Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары менен чогуу Казакстандын 31 жараны учур келди. Аларды аэропорттон казак тарап тосуп алып, атайын унаа менен Казакстан Республикасына алып кетти.

“Учуп келген жарандардын баардыгы обсервацияга жөнөтүлдү. Чет жактагы жарандарды Кыргызстанга алып келүүнү уюштуруу боюнча иштер уланууда”-деп кошумчаланат маалыматта.