Би-би-синин орус кызматы бул долкументалдуу тасманы Россия, Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Беларусия, Грузия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстан өлкөлөрүнө жайылтуу укугуна ээ.

Акыркы жылдары Германияда улутчулдук жаатындагы зордук-зомбулук менен байланышкан кылмыштардын саны кескин өсүп кеткен, ал эми оңчул экстремизм күн өткөн сайын өз тарапташтарын табууда.

Мунун себеби болуп Европанын калган өлкөлөрүнө салыштырмалуу  соңку мезгилдерде Германияга көптөгөн качкындар менен мигранттардын агылып келүүсүнөн улам пайда болгон миграциялык кризис саналат.

Panorama эмне үчүн качандыр бир мезгилдерде эл сынына кабылган идеялар бүгүн кайрадан жанданып жаткандыгын жана чынында эле мындай маанай Германия өлкөсүнүн жарандарынын арасында популярдуубу же жокпу иликтөөгө аракет жасаган.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=FHGyjZYijj0&feature=emb_logo