Жогорку Кеңеште алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү сунушу камтылган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.

14-майда талкууланган мыйзам «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат.

Сессияда каттоодон өткөн 107 депутаттын, 101и «макул», алтоо «каршы» деген добуш беришти.

Документ эми экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Андан кийин президентке жолдонот. Мыйзам долбоору быйыл 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган.